Четверг, 25 апреля

Өзбекстанда Орозо айттын урматына мунапыс жарыяланды

0

Өзбекстанда Орозо айт майрамына байланыштуу президент Шавкат Мирзиеев кол койгон жарлык менен  камактагы 65 адамга мунапыс берилди.

Өзбекстандын Президенттигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Мирзиеев Орозо айт майрамына карата «кылмыштарына өкүнгөн жана сөзсүз оңолуп кетүү жолунда бараткан камактагыларды ырайым кылуу жөнүндөгү» жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, мунапыстын алкагында абактагы 65 адам пайдаланып алардын 41и абактан бошотулуп, 24үнүн абактагы жаза мөөнөтү кыскартылат. Мунапыс берилгендердин арасында мыйзамсыз уюмдун үч мүчөсү, 60 жаштан ашкан үч адам, үч аял жана бир чет элдик жаран бар.

Жарлык менен тиешелүү министрликтерге жана мамлекеттик мекемелерге мунапыс берилип, абактан бошотулгандарды коомго ыңгайлаштыруу тапшырылды.

Өлкөдө эң соң Нооруз майрамына байланыштуу президент Мирзиёев тарабынан кол коюлган жарлык менен абакта жаткан 75  адамга мунапыс берилген болчу.

Өзбекстанда Президент тарабынан улуттук жана диний майрамдарга карата «кылмыштарына өкүнүп, оңолуп кетүү жолунда бараткан» абактагыларга мунапыс жарыяланат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз