Пятница, 10 мая

Ажылык сапарга каттоо башталды

0

Бүгүн, 6-майдан тартып 2022-жылы ажылык сапарга барчуларды каттоо башталганын муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, бул жолу мурда ажылыктын базасына кирбеген 65 жаштан төмөнкү жарандар каттала алат. Каттоо 11-майга чейин уланат.

Жарандар алгач РСК банкына 4500 доллар жана кайтарымсыз 700 сом төлөнгөн квитанциянын негизинде каттоого алынат. 2019-2020-жылдары ажылыктын электрондук базасына аймактарда катталып, кезек күтүп турган 65 жаштан төмөн ар бир талапкерлер, ажылык сапарына болгон төлөмүн 2022-жылдын 30-апрелине чейин ар кандай себептер менен төлөп жетише албай калгандарга төлөө мөөнөтү 11-майга чейин узартылды.

Муфтият жогоруда айтылган сумманы төлөгөндөрдүн саны ажыларга берилген квотадан ашып кеткен учурда кезекке калтырыла турганын эскертүүдө. Банкка ажылыктын төлөмүн төлөгөн талапкерлер бир күн ичинде документтерин облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттардагы операторлорго тапшырышы керек. Ажыга баруучунун жашы 65 жашка чейин, коронавируска каршы эмделген болуусу зарыл. COVID-19га каршы тапшырылган тесттин терс жыйынтыгын ырастаган күбөлүк талап кылынат.

Быйыл ажылык сапардын баасы 4500 долларга бааланган. Бул былтыркыга салыштырмалуу 1000 долларга кымбат.

Быйыл Кыргызстандын жарандарына ажылыкка барууга 2766 квота бөлүнгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз