Понедельник, 13 мая

Ысык-Көлдө эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси болот

0

Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу  маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, көргөзмө-жарманке 13-14-май күндөрү Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» борборунда болот.

«Жыл сайын туристтик сезон башталганда жарманке өткөрүп турабыз. Быйылкы иш-чара 13-майда саат 12:00дөн баштап башталып, ага 200дөн ашык компаниянын катышуусу күтүлүүдө. Анда облустардан келген кол өнөрчүлөрдүн эмгеги коюлат, улуттук аспаптардын көргөзмөсү, салбуурун оюну жана майрамдык концерт өтөт. Кечки саат 18:00дө расмий ачылуу аземи өтүп, өлкө башчынын келишин күтүп жатабыз», — дейт ал.

Министр иш-чаранын алкагында туристтик форум өтөрүн кошумчалап кетти.

Эскерте кетсек, 14-майда Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында ШКУнун Run the Silk Road X эл аралык марафону старт алат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз