Вторник, 7 мая

Аз камсыз үй-бүлөлөргө жөлөкпул көбөйөт

0

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпулдун өлчөмүн көбөйтүүгө 25 миллион доллар берүү маселесин караштырып жатканын 11-майда Бишкекте кыргыз өкмөтүнүн жана аталган банктын биргелешкен форумунда белгилүү болду.

Жыйында айтылгандай, азыр жөлөкпул 810 сомду түзөт, чечим кабыл алынса быйыл 1-июндан тартып 1200 сомго чейин жогорулайт. Бул үчүн Дүйнөлүк банк убактылуу насыя берип, көмөгүн көрсөтүшү мүмкүн.

2020-жылы Кыргызстанда калктын 25,4% жакырчылыкта жашай турганы маалым болгон. Дүйнөлүк банк соңку эки жылдагы коронавирус пандемиясынан улам бул көрсөткүч дагы 10% жогорулашы мүмкүн экенин боолгоп жатат.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 112 миң үй-бүлө жөлөк пул алат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз