Суббота, 21 сентября

1967-жылдан бери Израил бир миллион палестиналыкты камады

0

Азыркы учурда израилдик түрмөлөрдө 5700 палестиналык бар.

1967-жылдан баштап израилдик бийлик бир миллион палестиналыкты камаган. Мындай маалымат Палестинаны бошотуу уюму жана Палестиналык туткундар коомунун 17-апрелде белгилене турган палестиналык туткундар күнүнө карата докладында айтылган.

Документке ылайык, азыркы учурда изралидик түрмөлөрдө 5700 палестиналык бар жана алардын 250ү өспүрүмдөр, 47 аял жана 6су депутат.

Мындан тышкары 36 өспүрүм үй камагында, дагы беш өспүрүмдү израилдиктер кармалгандарды кармоочу борбор деп аталган абакка камашкан.

Абакта жаткандардын арасында 700 оорулуу, анын ичинде онкологиялык илдет менен жабыркаган 30 дам бар. 56 палестиналык туткундар израил абагында 20 жылдан ашык отурат.

Өткөн жылдын биринчи кварталында Израилдик коопсуздук күчтөрү 1600 палестиналыктарды кармаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз