Кыргызстандын интернет провайдерлери орус телеканалдарын көрсөтө албай жатат. Бул тууралуу интернет провайдерлердин өздөрү айтууда. Алар эл аралык деңгээлде провайдерлер сигнал ала турган спутниктерде Орусиялык каналдарга чектөө коюлгандыктан көйгөй жаралып жатканын айтышууда. Мурдараак социалдык түйүндөрдө кыргызстандык провайдерлер орусиялык телеканалдарды өчүргөнү тууралуу маалыматтар жарыяланган болчу.
Ал эми РИА Новости агенттиги Кыргызстанда россиялык «Россия Культура», «Россия 24» жана «Звезда» телеканалдарынын эфири убактылуу токтотулганын жазган. Шилтемени жеке менчик «Акнет» кабелдик телеберүү провайдерине берген.
«Акнет» компаниясы расмий сайтына бир катар өлкөлөрдөгү мыйзамдык чектөөлөргө байланыштуу кечээ эл аралык спутниктен ВГТРКнын телеканалдарын көрсөтүү бир тараптуу блоктолгонун билдирүүдө.
Ал арада Борбор Азиянын башка мамлекеттеринде да жогорудагыдай көйгөй жаралганы кабарланууда.