Сузакта окуучуга кол көтөргөн мугалимге эскертүү берилип, жумушка кайтарылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усеновдун айтымында, мектеп жетекчилиги жазылган арызды артка кайтарып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн, азыркы учурда дарылануудагы мугалим ишин улантаарын билдирди.
Социалдык түйүндөрдө бул тууралуу эки ача пикирлер айтылууда.
Биздин сурамжылоого катышып, төмөн жака пикириңизди калтырыңыз!