Орусия хорват дипломаттарды депортациялоо чечимин чыгарды.
Орусиянын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Хорватиянын Москва элчиси Томислав Кардын министрликке чакырылып, Хорватиянын Киевге аскердик жардам бериши жана хорват жетекчилеринин Украинада согуштук кылмыштары менен Орусияны айыптоо аракеттерине нааразычылыктын билдирилгендиги белгиленди.
Маалыматта : «Загребдин мындан мурда орус дипломатиялык миссиясынын өкүлдөрүнүн санын азайтуу үчүн таштаган, достукка жатпаган кадамдарына жооп иретинде элчи Карга Хорватиянын Москва элчилигинде 5 кызматкердин «кааланбаган киши» деп жарыялангандыгына байланыштуу нота берилди»,- деп айтылды.