Ак-Босого конушунда 660 орундуу мектеп курулат

0

Бишкек шаарынын Ак-Босого конушунда 660 орундуу мектеп курулат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирет.

Маалыматка ылайык, имарат президенттин ушул жылы 15 мектеп жана 5 бала бакча куруу тапшырмасы алкагында курулат.

Мектепти куруу ишин “Эталон Вин Спец Строй” уюму жетектейт. Курулушту 2022-жылдын сентябрь айына бүтүрүү пландалууда. Анда окуу корпусу, ашкана, спорт жана акты залдары каралган.

Кошумчалап кетсек, мектеп курулушунун сметалык баасы 358 млн. сомду түзөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз