Понедельник, 13 мая

“Денеси” бир, “эки баштуу” КСДП

0

18-апрелде Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматтары өзгөргөндүгү жарыяланды. Анда  партиянын жетекчиси катары буга чейин республикабыздын ар кайсы аймактарында “Атамбаевсиз КСДП” деген ураан менен акцияларды, жыйындарды өткөрүп келген Сагынбек Абдрахманов көрсөтүлгөн жана партиянын жайгашкан жери (юридикалык дареги) катары Эркиндик 45 дареги жазылган.

Ал эми юстиция министрлигинин басма сөз кызматы  буга байланыштуу түшүндүрмө берип, 5-апрелде Абдрахмановдон КСДПнын жетекчисин, саясий кеӊештин курамын жана саясий партиянын жайгашкан жерин алмаштыруу жөнүндө маалымдама келип түшкөнүн билдирди.

“Ага партиянын 3-апрелде өткөн 18-съездинин протоколунун көчүрмөсү жана жаӊы жетекчинин (Сагынбек Абдрахмановдун) паспортунун көчүрмөсү тиркелген”, — деп айтылат маалыматта. Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы КСДП кайра каттоодон өтпөгөнүн, болгону министрликке түшкөн арыздын негизинде айрым өзгөртүүлөр гана киргенин билдирди. “Атамбаевсиз КСДП” кыймылын жетектеген Сагынбек Абдрахманов баштаган топ 3-апрелде “КСДПнын кезектеги 18-съезди” деп Бишкекте курултай өткөргөн. Бирок Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева аны фейк-съезд деп атаган.

Ушул эле күнү, 18-апрелде Кыргызстан Социал-демократиялык партиянын А. Атамбаев лидерлик кылган тобу өздөрүнүн башкы штабы – “Форумда” чукул жыйын өткөрүшүп,  кайра каттоодон өтпөгөндүгүн жар салышты.  Бул маалыматты да юстиция министрлиги билдирген. Мекеменин маалыматына караганда,  аларга болгону «Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын» жетекчилиги, саясий кеңешинин курамы жана партиянын жайгашкан жерин алмаштыруу жөнүндө Сагынбек Абдрахмановдун колу коюлган кабардама келип түшкөн.  

“Министрликтин дарегине “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясын” кайра каттоо тууралуу документтер түшкөн жок.  Болгону жетекчилик, саясий кеӊештин курамы жана партиянын жайгашкан жери  алмашканы тууралуу кабардама келди, ага 2019-жылдын 3-апрелинде өткөн 18-съезддин протоколунун жана Сагынбек Абдрахмановдун паспортунун көчүрмөсү тиркелиптир. Мыйзамга ылайык, юридикалык жак жетектөөчү органынын курамы,  жайгашкан жерин  өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алган  учурдан тартып 30 календардык күндүн ичинде каттоочу органга маалымдоого милдеттүү”, -деп айтылат министрликтен берилген маалыматта.

Мекемеден белгилешкендей, бул учурда  каттоочу органга жаӊы жетекчини тандоо жана жайгашкан жерин өзгөртүү жөнүндө чечимди, ошондой эле паспорттун же инсандыгын күбөлөндүргөн башка документтин көчүрмөсүн тиркөө менен, юридикалык жактын жетекчисинин колу менен кабардама берилет. Юстиция министрлиги үчүн аталган билдирүү кабарландыруу мүнөзүндө болот.

Кабарландыруу мүнөзү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгы жана ишенимдүүлүгү үчүн юридикалык жоопкерчилик арыз ээсинде болушун талап кылат. Мындай учурларда каттоочу орган кабардаманы алып, 7 жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик реестрге тиешелүү маалыматтарды киргизет жана бул жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга кабарлаш керек. Андыктан, бул иш-аракеттер Юстиция министрлиги тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте жасалган.

А. Атамбаев жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөлөрү маалымат каражаттарына билдирүүсүнөн тышкары юридикалык жактарды каттоо боюнча мамлекеттик реестрде партиянын лидери жана анын жайгашкан дареги өзгөртүлгөнүнө байланыштуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго да кайрылышты.

Партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбеков муну менен Юстиция министрлиги алардын укуктарын бузганын билдирди.

“Конституцияда каралган партиянын укуктары жана 4, 35, 52 беренелерде каралган партия мүчөлөрүнүн конституциялык укуктары бузулду. Биздин биригүүгө болгон укугубуз, шайлоого же шайланууга болгон укугубуз бузулду. Биздин партиянын документтерин рейдерлик жол менен алып, кайра каттоодон өткөрө берсе 25 жылдык тарыхы бар партиянын 50 миңге жакын мүчөсү каяка барат?», — деди Касымбеков.

КСДП Юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо боюнча мамлекеттик реестрде партиянын маалыматтарын өзгөртүшүн мыйзамсыз деп баалап, муну Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, иликтөөнү да талап кылды.

Азырынча башкы прокуратура да, Юстиция министрлиги да экинчи тараптын мындай талап-дооматтарына ак же көк деп жооп бере элек. Айтор кандай болгондо да учурда бир бөлүгү бийликти мыкчып отурган, экинчи тарабы оппозицияга оогон “денеси” бир, “эки баштуу” КСДП партиясы “ит жыгылыш” абалына туш болду.

Албетте, тиешелүү органдар өз тыянагын чыгарышар. Ал эми эл Кыргызстанда канткен менен чейрек кылымга жакын тарыхы бар, азбы-көппү, жаманбы-жакшыбы өлкөбүздүн турмушуна салымы бар партиянын экиге бөлүнүп, “денеси” бир, “эки баштуу” партиянын ич ара ыркы келишпей жаткандыгын кандай кабыл алар экен?…

А. Белеков.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз