Суббота, 27 июля

Бишкектеги эң кымбат жер тилкеси “гүленчилерге” өтүп кеткен

0

Бишкек шаардык кеңешинин спикери Куванычбек Конгантиев 25 апрелде болуп өткөн БШК жыйынында, шаардын түштүк тарабында жайгашкан жана мурдараак Билим берүү жана илим министрлигине берилген жер тилкеси жеке менчикке берилип кеткенин айтты.

Куванычбек Конгантиев Бишкек мэриясына караштуу Масалиев проспектиси менен Токтоналиев көчөсүнүнү кесилишинде жайгашкан жер тилкеси мурдараак Билим берүү жана илим министрлигине берилгенин, бирок кийинчерээк түшүнүксүз жагдайда ал жерге жеке менчик мектеп курулганын айтып муну Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу такташ керек экенин баса белгиледи.

Бишкек шаардык кеңешинин спикери бул маселе боюнча прокуратурага кайрылуу керек экенин, себеби муниципалдык жер болуп эсептелген ал жер тилкесине жалпы билим берүү окуу жайын куруу пландалганын эске салды. Конгантиев: “Азыркы күндө ал жерде коммерциялык мектеп жайгашкан” – деди.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык жогоруда айтылган жер тилкесинде “Эл аралык Юнайтед Ворлд Интернэшнл Скул” (United World International School) мектеби жайгашкан. Негиздөөчүсү болуп Умаралиев Саиджан Саибжанович катталган. Ошол эле мезгилде бул жеке мектептин негиздөөчүлөрүнүн бири “Сапат” эл аралык билим берүү мекемеси экени белгилүү болду.

Аянты 3,5 гектарды түзгөн жана баасы миллиондогон долларды чапчыган бул жер тилкеси “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесине, башкача айтканда Кыргызстанда “гүленчилер” деген ат менен белгилүү болгон Фетхуллах Гүлендин тобуна өтүп кеткен.

Ачык булактарга караганда жалаң гана байлардын балдары окуган “Эл аралык Юнайтед Ворлд Интернэшнл Скул” мектебинин жылдык окуу акысы 13 000 долларга чейин чыгат.

Эске сала кетсек, буга чейин “гүленчилер” жеке менчик мектептери аркылуу жылына миллиондогон доллар топтосо да, өлкөнүн ар кайсы аймагындагы муниципалдык мүлктөрдү бекер колдонуп келишкен. Былтыр Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык имаратты ондогон жыл бекер колдонуп келишкени да белгилүү болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз