Бүгүн, 14-июнда Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк кан донорунун күнүнө карата кан чогултуу боюнча масштабдуу акция өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чараны Республикалык кан борбору Улуттук жарым ай коому (УЖАК) менен биргеликте Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен «Азия Молл» соода борборунун 2-кабатында өткөрмөкчү.
«Бүткүл дүйнөлүк кан донорлор күнүнүн быйылкы урааны: «Кан тапшыруу – тилектештик актысы. Донор болуп, өмүрдү сактап калыңыз». Донацияга каттоонун башталышы 09:00 башталат. Кыргызстандын бардык жарандарын бул акцияга активдүү катышууга чакырабыз. Байланыш телефондору: 54-19-18; 54-19-13; 0551-22-55-95; 0551-18-02-73; 0707-52-54-20″, — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, жыл сайын 14-июнда Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнү белгиленет.