Среда, 24 апреля

Бишкекке Түркиядан учкучсуз аппаратты башкарууну үйрөтүүчү адистер келди

0

Түркиянын Ички иштер министрлигинин адистери Кыргызстандын ички иштер органдарына учкучсуз учуучу аппараттарды ишке киргизүүгө жана аны менен иштөө боюнча окутууга көмөк көрсөтүү максатында Бишкекке келишти. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Делегация ИИМдин Борбордук аппаратында болуп, ички иштер министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Сүйүнбек Ниязбеков менен жолугушту.

Эксперттик топту Түркия ИИМинин алдындагы «Биотексан» компаниясынын башкы директору Осман Келеш жетектеп келген.

Ниязбеков укук коргоо органдарына учкучсуз учуучу аппараттарды ишке киргизүү улуттар аралык уюшкан кылмыштуулукка, баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө жана террорчулукка каршы күрөшүүдө инновациялык ыкма болорун айткан. Ошондой эле калктын коопсуздугун жана туруктуулукту камсыздоодо маанилүү кадам экенин баса белгилеген.

Аны менен катар ИИМдин жетекчилиги ички иштер органдарында ири санариптик долбоорлорду толук кандуу ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз