Суббота, 20 апреля

Минск шаарында ЕЭК кеңешинин жыйыны өттү

0

Беларустун Минск шаарында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги менен ЕЭК кеңешинин кезексиз отуруму өттү. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Жыйында алты маселе каралып, анын алкагында айыл чарба жабдууларынын кээ бир түрлөрүнө ЕАЭБдин бирдиктүү бажы тарифине алымдардын ставкасын белгилөө жөнүндө чечим кабыл алынган.

Ошондой эле Кыргызстанга бажы алымы жок кумшекер ташып кирүү мөөнөтү 2022-жылдын 31-декабрына чейин узартылган.

Жыйынтыгында ЕЭК кеңешинин кийинки отурумун июлда Беларустун Витебск шаарында өткөрүү макулдашылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз