Пятница, 3 мая

Оштогу жол кырсыгынан алты адам каза болду

0

Ошто оор жүк ташуучу унаа катышкан жол кырсыгында каза болгондордун саны 6 адамга жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Такталган маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Жаңы-Маала айылында HOWO үлгүсүндөгү көмүр жүктөгөн оор жүк ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып 6 адамды басып калган.

Кулаган унааны кран менен көтөргөндө анын алдынан 2 аял, 3 кичинекей кыз жана 1 ымыркай каза болгондугу аныкталды.

Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен ыкчам топ, 1 кран жана 9 куткаруучу тартылган.

Алар каза болгон жарандарды унаанын астынан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз