Пятница, 22 ноября

Акаев: Бийликтен кулашына эркин пресса күнөөлүү

0

Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев 2005-жылдын 24-мартында бийликтен кулашы тууралуу немистердин DW радиосуна берген интервьюсунда комментарий берди.

Аскар Акаев Грузиядагы “роза ыңкылабынан”, Украинадагы “саргылтым ыңкылаптан” кийин Өзбекстанда төңкөрүш уюштургусу келген айрым сырткы күчтөр тууралуу кайрадан айтты. Ал жакта президентти кулатуу болбой калгандан кийин Кыргызстанга көңүл бурулду.

Мен Freedom House уюмуна ММКлар үчүн басмакана ачууга уруксат берип, эң чоң ката кетирдим деп ойлойм. «Мен аларга чоң эркиндик бердим, алар бардык эркин гезиттерди басып чыгара баштады. Алар миллиондогон нускада басып чыгарышты, ал жерде ар кандай жалаалар жазылды. Биз жөнүндө, үй-бүлөм жөнүндө», — деди ал.

Мурдагы президент бул типографияга коңшу өлкөлөрдүн президенттери да нааразы болгонун, себеби аларда тыюу салынган оппозициялык басылмалар Кыргызстанда басылып, кийин Казакстанда жана Өзбекстанда жайылтылганын айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз