Пятница, 22 ноября

Зеленский Орусияны БУУдагы укуктарынан ажыратууга чакырды

0

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусияны «террордук мамлекет» деп айыптап Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) укуктарынан ажыратууга чакырды.

Орусиянын чабуулдары күчөп, Кременчуктагы соода борборуна сокку урулгандан кийин Украина БУУнун Коопсуздук Кеңешин жыйын өткөрүүгө чакырды.

Согуш башталгандан бери экинчи жолу БУУнун Коопсуздук Кеңешине кайрылган Зеленский, Москванын Украинаны ишембиде 62, жекшембиде болсо 26 ракета менен аткылаганын айтты.

Зеленский БУУну 18 адам каза болгон соода борборундагы кол салуу боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө чакырды.

Орусияны «террордук мамлекет» деп айыптаган Зеленский эл аралык коомчулукту Орусияны террордук аракеттерин токтотконго чейин БУУнун Башкы ассамблеясындагы жана БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги укуктарынан ажыратууга чакырды.

Зеленский Орусиянын БУУнун Башкы ассамблеясына жана БУУнун Коопсуздук Кеңешине катышпашы керектигин айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз