Суббота, 4 мая

«Манас» жана «Ош» аэропортторун реконструкциялоо иши Түркиялык компанияга берилет

0

Акылбек Жапаров  «Манас» жана «Ош» аэропортторун реконструкциялоо үчүн ачык сынакта мамлекеттин сунушуна макул болгон бир дагы компания келбегендиктен, түркиялык YDA деген компания менен алдын ала макулдашуу жүрүп жатканын билдирди.

Кечээ, 29-июнда Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган өкмөт өкүлдөрү өлкөдөгү соңку экономикалык-социалдык абал тууралуу маалымат берди.

«Түркиянын YDA компаниясы менен алдын ала макулдашуу болду. Жакын арада Бишкектеги жана Оштогу аэропортту эки жыл аралыгында реконструкциялоо үчүн 450 млн. доллардан 1 миллион долларга чейин инвестиция салып, бардык жумуштарды бүтүрмөй болуп жатат. Эгер жакынкы күндөрү макулдашууга кол коюлса, жумуштар башталат. Биз тараптан бир шарт коюлду — көрсөтүлгөн мөөнөттө жумуштар аяктабаса, салынган инвестиция толугу менен Кыргызстанга өткөрүлөт”,- деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле түркиялык YDA деп аталган компания буга чейин Түркмөнстанда аэропортту өз мөөнөтүнөн мурда куруп тапшырганын, аба майданын тең башкарып, пайданы да тең бөлүү сунушталганын кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз