Суббота, 11 мая

Окуучулардын тамагына бөлүнчү акчаны жогорулатуу каралды

0

Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик мектептердеги ар бир окуучунун күнүмдүк тамагына каралган 7 сомду 14 сомго көтөрүү жөнүндө токтом долбоору каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Жыйынга билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жана финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева катышып, күнүгө 14 сом бөлүү каралып жатканын, 2023-жылы аны 20 сомго жеткирүү планын билдиришти.

Көпчүлүк депутаттар жети сом эч нерсеге жетпейт деп сындашты.

Расмий маалыматка ылайык, 1-4-класстардын (башталгыч класстар) окуучуларынын жалпы саны 56 миңге чукул. Мектептерде ысык тамак берүүгө бюджеттен 595 миллион сом бөлүнгөн. Алыскы жана бийик тоолуу аймактардагы мектеп окуучуларынын тамагына күнүнө 10 сом, калган аймактарда күнүнө 7 сом каралган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз