Пятница, 10 мая

Түркияда маймыл чечеги катталды

0

Түркиялык дарыгерлер өлкөдө маймыл чечегин жуктуруп алган биринчи учурду аныкташты. Бул тууралуу аталган мамлекеттин саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа билдиргенин РИА Новости жазды.

«Маймыл чечеги биздин ноокастардын биринен чыкты. Ал 37 жашта, иммундук системасында жетишсиздик бар. Азыр обочолонгон. Башка учурлар катталган жок. Бул оору аба аркылуу эмес, бири-бири менен тыгыз байланыш болгон учурда жугат», — деп жазган ал социалдык баракчасына.

Эске салсак, мурдагы күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму маймыл чечеги боюнча абал дүйнө жүзүндө өзгөчө кырдаал абалын жарыялоого жетпесе дагы өтө оор экендигин билдирген.

Маймыл чечеги — сейрек кездешүүчү вирустук инфекция, ал адамдарга да жугушу мүмкүн. Бул, адатта, жеңил оору болуп саналат жана жуктуруп алгандардын көбү бир нече жуманын ичинде айыгып кетишет. Бирок кээ бири кыйналышы мүмкүн. Адистер маймыл чечегин жыныстык жол менен жугуучу инфекция деп эсептебейт. Анткен менен оорулуу адам менен жакын байланышта болгондор жугузуп алышы мүмкүн. Оорунун алгачкы белгилерине ысытма, баш оору, булчуңдардын оорушу, белдин оорушу, лимфа бездеринин шишип кетиши, чыйрыгуу жана чарчоо кирет. Көбүнчө беттен башталып, дененин башка бөлүктөрүнө исиркектер чыгат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз