Воскресенье, 5 мая

Россия коронавируска байланыштуу чек арадагы чектөөлөрдү алат

0

Россия 15-июлдан тарта COVID-19га байланыштуу 2020-жылы мартта киргизилген чек арадагы бардык чектөөлөрдү алат. Ошол эле маалда өлкөгө кирип жаткан чет өлкөлүктөр үчүн (беларустардан башка) ПЧР-тест тапшыруу талабы күчүндө калат.

Россия деңиз жана аба каттамдары менен келген жарандар үчүн чек ара пункттарындагы чектөөлөрдү 14-июнда эле алган.

1-июлда Роспотребнадзор коронавируска байланыштуу коомдук тамактануучу жайлардын түнкүсүн иштөөсүнө, ошондой эле жапырт иш-чараларды жана митингдерди өткөрүүгө киргизилген чектөөлөрдү алып, беткап режимин жойгон.

Мекеме бул чечимин COVID-19 жуктаргандардын саны төрт айдан бери туруктуу түрдө азайып жатканы менен түшүндүрүп, бирок эпидемиологиялык абал начарласа чектөөлөр кайра киргизилерин эскерткен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз