Воскресенье, 19 мая

«Яндекс» такси кызматы салык төлөй баштады

0

Кыргызстанда электрондук кызмат көрсөтүүчү алгачкы үч чет өлкөлүк компания салык төлөй баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Яндекс Go (такси кызматы), Megogo (видеосервис) жана Xsolla (онлайн оюндар) компаниялары Салык кызматынын www.vat.salyk.kg электрондук сервисинде аралыктан салыктык каттоодон өткөн.

«Google салыгы» — Кыргызстанда катталган домендик аталышты же IP-дарегин колдонбостон өлкө ичинде электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмдарга тиешелүү. Алардан кызмат көрсөтүүлөрдүн суммасынан 12 пайыздык коюм менен кошумча нарк салыгы алынат. Мындай норма жыл башында күчүнө кирген Салык кодексинде камтылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз