Понедельник, 13 мая

Мас айдоочулардын жазасын катуулатуу боюнча жаңы мыйзам коомдук талкууга коюлду

0

Мас айдоочулардын жазасын катуулатуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду. Депутат Марлен Маматалиев сунуштап жаткан долбоор колдоо тапса Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске, Укук тартибин коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилет.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде айтылгандай, соңку он жылда Кыргызстанда 68 миңге жакын жол-транспорт кырсыгы катталды, натыйжада 10 миңдей адам каза болду. Жол кырсыктарынын 80% айдоочулардын айынан болот, анын ичинде машинаны мас болуп алып айдагандар 7% түзөт.

Сунушталып жаткан мыйзам кабыл алынса мас абалында машина айдап эреже бузгандар 6 айдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат, азыркы мыйзамда бул мөөнөт 8 жылга чейин деп көсөтүлгөн.

Алкоголдун концентрациясынын жол берилген чегинен ашкандыгы үчүн айыппул азыр 17,5 миң сомду түзөт, жаңы эреже кирсе 50-80 миң сом болот.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз