Вторник, 7 мая

1 миллион мусулман ажы болду

0

Ажылык парзын аткаруу үчүн ыйык Меккеге барган 1 миллионго жакын мусулман ажы болду. Арафаттагы пайдубалга токтогон жана андан кийин автобус менен Муздалифага барган мусулмандар Вакфа деген жерде дуба кылып, шайтанга ыргытыла турган таштарды чогултушту. Алар түн жарымынан бери топ-топ болуп 3,5 чакырымдык жолдон жөө жүрүп өткөн соң  Жамараттагы шайтан таш бараңга алынган аймакта “чоң шайтан” деп айтылган жерде 7 таш ыргытышты. Андан соң Каабада таваф жана саъий кылып сакалын алгандан кийин мусулмандар ихрамдан чыгышты. Ошентип, парзын аткарган мусулмандар ажы болушту. Зыяратчылардын кээ бирлери багымдат жана айт намаздарын Каабада окушту.

2020-2021-жылдары чет өлкөдөн ажылыкка баруучуларды кабыл албаган Сауд Арабия бийлиги, быйыл Ковид-19 шарттарынын жеңилдеши менен 65 жашка чейинки 1 миллион мусулманды кабыл ала турганын жарыялаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз