Пятница, 17 мая

Видео. Нарында уруксатсыз көмүр ташыгандар кармалды

0

Нарындын Миң-Куш айыл аймагында жасалма документти колдонуу менен 150 тонна көмүр ташып жаткандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ак-Улак көмүр тилкесинен жасалма документтерди колдонуу менен көмүр казып ташуу менен алектенген К.Ж.С., М.у.А., жана Т.у.М., аттуу кыргызстандыктардын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, 10-июлда 150 тонна көлөмүндөгү көмүр ташып чыгып бараткан жеринен беш оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочулары С.С.С., К.Н.А., К.И.М., И.Н.И., жана А.у.К., кармалган.

Учурда тийиштүү ыкчам тергөө амалдары жүрүп жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз