Орусияда согуштан аскерлерди кайтаруу талаптары күндөн күнгө күчөп жатат. Бурятиялык жана тывалык аялдар Украинада согушуп жүргөн аскерлерди үйлөрүнө кайтарууну талап кылып митингге чыгышты. Алардын айтымында, аскерлердин абалы начар, көбү контузия болушкан же травма алышкан. Орусиядагы бул эки жакыр аймак Украинада набыт кеткен аскерлердин саны боюнча алдыда турат. Алардын айтымында, аларды жыл башында Беларуска машыгууга деп алдоо жолу менен алып кетип, андан ары Украинадагы согушка жөнөтүп жиберишкен.
Февралдан бери Украинадагы согушта Орусия канча аскерин жоготкону так белгисиз. Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы ирет мартта 1351 жоокеринен айрылганын билдирген. Украин бийлиги болсо, Москва 35 миңден көп аскерин жоготконун кабарлап келет.