Воскресенье, 19 мая

Зеленский ЛНР менен ДНРди тааныбаганы үчүн Токаевге рахмат айтты

0

Владимир Зеленский Твиттердеги баракчасында Токаевге Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогону жана Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрү боюнча позициясын ачык айтканы үчүн ыраазычылык билдиргенин жазды.

Буга кошумча, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Украинанын лидери Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү. Ак ордонун сайты Токаевдин украин эгинин экспорттоодо Бириккен Улуттар Уюмунун аракети менен Түркияда кабыл алынган үч тараптуу келишимге оң баа бергенин кабарлады.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз