Вторник, 23 апреля

Японияда маймылдар адамдарга кол салууда

0

Япониянын Ямагучи шаарында маймылдардын кол салуусунан 42 адам жабыркады. Алардын арасында балдар жана кары-картаңдар да бар. Окуядан кийин полиция кызматкерлерине эс оодаруучу тапанча таратылды.

Муниципалитеттин бир жетекчиси: «Мынчалык кыска убакытта, мынчалык көп кол салууну көргөн эмеспиз. Эң башта балдар менен аялдарды бутага алып жатышкан, андан кийин кары-картаңдар менен эркектерге да кол сала башташты»,- деди.

Июль айынын башында кол салган маймылдарды кармоо үчүн тузак курулса да натыйжа берген эмес. Жетекчилер кол салуулардын аркасында бир эле маймылбы же бир маймыл тобу барбы аны да аныктай алган жок.

Жергиликтүү басма сөздүн билдиргенине караганда кол салууга учурагандардын айрымдары моюн, бут, кол же курсактарынан жаракат алган, айрымдарынин терилери чийилген.

Маймылдардын терезе жана каалгаларды ачып үйлөргө жана бала бакчаларга киргендиги, имарттардын ичиндеги кичинекей балдарга кол салганы билдирилди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз