Пятница, 10 мая

Орусия: АКШ жана НАТО башкы коркунуч

0

Орус президенти Владимир Путин Орусиянын жаңы аскердик деңиз доктринасын бекитүү тууралуу жарлыкка кол койду. Жарлык кечээ күчүнө кирди.

Путин доктринада “Орусиянын улуттук кызыкчылыктарынын зонасы жана чек арасы” аныкталганын түшүндүрдү. Орус президенти ага арктикалык акваторияны, Кара деңизди, Охот, Беринг деңиздерин, Балтика жана Түштүк-Курил кысыктарын кошту.

Документте улуттук коопсуздуктун башкы коркунучу катары НАТОнун активдүүлүгүнүн артышы, АКШнын Дүйнөлүк океанда үстөмдүккө умтулуусу, айрым мамлекеттердин Москвага карата аймактык дооматтары, Орусияга маалыматтык жана аскердик басым жана башка нерселер аталды.

Деңиз доктринасы биринчи жолу 2001-жылы кабыл алынган. Акыркы жолу документ 2015-жылы жаңыланган. Бул Крымды аннексиялоонун жана НАТОнун кеңейүүсүнүн фонунда ишке ашкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз