Воскресенье, 28 апреля

Зеленский чет элдик аскерлердин келишимдик мөөнөтүн 10 жылга чейин узартты

0

Украинада чет элдик аскерлердин келишимдик мөөнөттөрүн 10 жылга чейин узартылышын көздөгөн жарлык күчүнө кирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский “Чет элдиктердин жана жарандыгы жок адамдардын Украинанын Куралдуу күчтөрүндө аскердик кызмат өтөөсү жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жарлыкка кол койду.

Президенттиктин сайтында жарыяланган жарлыкка ылайык, Украина армиясында кызмат өтөгөн чет элдик аскерлердин келишимдик мөөнөтү 10 жылга чейин узартылса болот. 

Бул мөөнөт мурда 5 жылга чейин узартылчу.

24-февралда орус-украин согушу башталганда Киев администрациясынын чакыруусу менен миңдеген чет элдик согушкерлер Орусияга каршы согушуу үчүн Украинага барышкан. 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз