Воскресенье, 5 мая

Доктурлар журналист Улукбек Карыбек уулуна нааразы

0

Бишкектеги Онкология жана гемотология улуттук борборунун бир катар дарыгерлери блогер Улукбек Карыбек уулуна арызданып президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилерине, Саламаттык сактоо министрлигине кайрылышты. Социалдык түйүндөрдө да жарыяланган билдирүүдө Карыбек уулу бир канча күндөн бери аталган ооруканага келип, дарыгерлердин ишине тоскоол кыллганын айтышкан. Видео кайрылууда блогер «бир тараптуу маалымат таратып, негизсиз каралап жатканын» билдиришкен. Мындан улам анын иш-аракетине укуктук баа берүүнү суранышкан.

Улукбек Карыбек уулу мындай дооматтарды четке кагып жатат. Ал социалдык тармактагы баракчалары аркылуу тараткан билдирүүсүндө аталган медициналык жайдагы коррупция тууралуу маалыматтарды териштирип, иликтөө үчүн барганын айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз