Пятница, 3 мая

Эксперттер: Акжол Махмудов күчкө толуп турганын көрсөттү

0

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Ислам шериктештиги оюндарында алтын тагынды.

Махмудов финалдык беттеште Азербайжандын спортчусун 5:2 эсебинде утуп алды.

Буга чейин ал түркиялык жана өзбекстандык спортчуларды жеңген.

Акжол Махмудовдун күрөшүнө баа берген эксперттер, анын учурда күчкө толуп турганын, кийинки олимпиадалык оюндарда ийгиликке жетишээрине күмөн жок экенин айтышууда.

Белгилей кетсек, бул Кыргызстандын аталган турнирдеги алтынчы алтыны. Буга чейин Мээрим Жуманазарова, Жоламан Шаршенбеков, Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова жана Эрназар Акматалиев алтын тагынышкан.

Эскерте кетсек, Ислам шериктештиги оюндары Түркиянын Конья шаарында өтүүдө.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз