Понедельник, 20 мая

Кытайдын коркутуусуна Тайвань Патриот абадан коргонуу системасы менен жооп берди

0

Кытай менен тирешүүдөгү Тайвандан жаңы кадам келди.

Тайвань Америка Кошмо Штаттары  менен Патриот абадан коргонуу системасын сактоо жана жаңылоо боюнча келишим түздү.

Тайвандын CNA маалымат агенттигинин кабарына караганда, келишим 84 миллион долларга Патриотторду 4 жылдык тейлөөнү камтыйт.

Жасала турган жаңылоолор менен да ракета системаларынын иштешин жана ишенимдүүлүгүн сактоо максат кылынууда.

 АКШ ошондой эле Тайвань менен эки тараптуу сооданы көбөйтүүгө даярданып жатат.

Ак үй бул боюнча планды бир нече күндүн ичинде ачыкка чыгарарын билдирди.

Бул тууралуу Ак үйдүн Индо-Тынч океан боюнча координатору Курт Кэмпбелл маалымат берип : «Пекиндин  туруксуздаштыруу аракеттерине каршы Тайванды колдоо боюнча тынч жана чечкиндүү кадамдарды жасоону улантабыз», — деди. 

Кэмпбелл бул кадамдардын негизинде Америка Кошмо Штаттарынын алдыдагы апталарда «Тайвань кысыгы аркылуу стандарттуу аба жана деңиз өтүүлөрүн уланта турганын» билдирди.

Кытай-Тайвань чыңалуусу АКШ Өкүлдөр парламентинин спикери Нэнси Пелосинин 2 — 3 —  августта Тайванга жасаган сапары менен күч алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз