Суббота, 27 апреля

Фото. Элдик Курултайдын уюштуруучулары бүгүн чогулушту

0

Бүгүн, 19-августта, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун төрагалыгы алдында биринчи элдик курултайды уюштуруу комитетинин биринчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Иш-чарага уюштуруу комитетинин мүчөлөрү – президенттин администрациясынын кызматкерлери, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, ошондой эле коомдук ишмерлер катышты.

Жыйында эл менен жолугушууларды жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча жакынкы келечектеги тапшырмалар аныкталып, Элдик Курултайды уюштуруунун алкагында техникалык мүнөздөгү конкреттүү тапшырмалар берилди.

Сүйүнбек Касмамбетов уюштуруу комитетинин негизги тапшырмасы элдик курултайга делегаттарды көрсөтүү жана шайлоо процессинин таза жана ачык өтүшүн камсыз кылуу экенин белгиледи.

Биринчи элдик курултай 2022-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында өтөт.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз