Суббота, 27 апреля

Согушуп атабызбы?! Кыргыз армиясында бир айда төрт жоокер өлдү

0

Кыргызстанда акыркы бир айдан бери төрт аскер кызматкеринин өлүмү катталды. Бүгүн, 19-августта Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы Аскердик институтта аскерге чакырылган жоокер өзүн атып алганын маалымдады. Кырсык 18-августта саат 22:10 чамасында болгон.

«Аскер институтунун окуу процессин камсыз кылуу боюнча батальондун аскер кызматчысы кароолдо турганда өз алдынча ок чыгарган. Ал алган жараатынан ошол жерден каза болгон. Жоокер 19 жашта, Каракол шаардык аскер комиссариаты тарабынан чакырылган. Кызматтык териштирүү дайындалды. Окуя боюнча Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми 17-август күнү  ИИМдин Ош шаарындагы №703 аскер бөлүгүндө дагы жоокердин өлүмү катталганын Акыйкатчынын басма сөз кызматы маалымдаган болчу. Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, алдын ала божомол менен анын жүрөк оорудан каза болгондугу маалымдалган.

Ушул жылдын 29-июлунда Аламүдүн районундагы Молдовановка айылында жайгашкан №27 колонияда дагы бир жоокер өзүн-өзү атып каза болгон.  Ал эми жоокердин жакындары анын өзүнө-өзү ок чыгарганына ишенишпей, өлүмүн акыйкат териштирүүнү талап кылышкан.

Ошондой эле, ушул жылдын 4-июлунда Кой-Таштагы №73809 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер өзүн-өзү атып алып, каза болгонун Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирген. Анда Ж.Э., аттуу 22 жаштагы жоокер постто сакчылык кызматын өтөп жатып, курал колдонуудагы байкабастыктан улам өзүнө ок чыгарып алган.

Буга чейин ушул жылдын 1-июнуна караган түнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө катардагы жоокер Бекзат Эсенбеков сабалганы маалымдалган. Ал ооруканага 4-июнда гана жеткирилген. Анда жоокердин табарсыгы жарылганы аныкталган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз