Вторник, 7 мая

Этникалык кыргыздарды ЖОЖдорго кабыл алуунун мөөнөтү узартылды

0

Этникалык кыргыздарды ЖОЖдорго кабыл алуунун мөөнөтү 2-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, президенттин “Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык, 2022-2023-окуу жылына Кыргызстандын жождорунда чет өлкөлөрдө жашаган этностук кыргыздарды окутуу үчүн 75 квота бөлүнгөн.

Сынакка этникалык кыргыздар: Казакстандын, Кытайдын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркиянын жарандары катыша алышат.

Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер министрликтин төмөндөгү шилтемеде көрсөтүлгөн https://student.edu.gov.kg/онлайн системасына катталып, “Чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына 2022-2023-окуу жылында кабыл алуу” бөлүмүнө бардык керектүү документтерди жүктөшү керек. Ошондой эле 2-сентябр саат 23:59га чейин милдеттүү болгон талааларды толтуруу зарыл.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз