Воскресенье, 28 апреля

Азербайжан Лачын шаарын кайтарып алды

0

Азербайжандын президенти Илхам Алиев өлкөнүн куралдуу күчтөрү Лачын шаарына жайгашып, Забух жана Сус айылдары толук көзөмөлгө алынганын билдирди. Бул тууралуу ал Твиттердеги баракчасына жазды.

Лачын району 2020-жылдын 1-декабрында Бакунун көзөмөлүнө өткөн. 2020-жылы Карабакта согуш аяктагандан кийин кол коюлган үч тараптуу билдирүүдө Тоолуу Карабак менен Арменияны байланыштырган туурасы 5 чакырым болгон Лачын коридору “Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн көзөмөлүндө калат” деп айтылган. Расмий Ереван менен Баку Армения менен Карабактын ортосунда жаңы жол курууну макулдашкан. Тынчтык орнотуучу күчтөр ошол аймакка орун которуп, Лачын, Сус жана Забух Азербайжандын карамагына өтүшү керек болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз