Пятница, 3 мая

Казакстан Орусиядагы 250дөн ашуун фирманы көчүрүп келет

0

Казакстандын премьер-министри Алихан Исмаилов, орус рыногунан чыккан жана көпчүлүгүн батыш ишканалары түзгөн 250дөн ашуун фирманы көчүрүү үчүн иш-аракеттерди жүргүзүп жатышканын, учурда 45 фирманын бул багытта оң чечим чыгарганын айтты.

Исмаилов Tengrinews маалымат сайтына берген маегинде, геосаясий кризис менен Орусияга каршы санкциялардын Казакстанга эле эмес, бүтүндөй дүйнөгө терс таасирин тийгизгенин белгиледи.

Чет элдик инвестицияны тартуу жаатында иш-аракеттерин активдештиргендерин белгилеген Исмаилов: «Учурда биз орус рыногунан чыгып жаткан 250дөн ашык компанияны (Казакстанга) көчүрүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Булар негизинен чийки заттан тышкаркы тармактарда иштеген батыш компаниялары», — деди.

Учурда 45 фирманын ишмердүүлүгүн Казакстанда улантууну чечкенин айткан Исмаилов: «Өндүрүштөрүн экономикабызга жайгаштыра алышы үчүн ар бир фирма менен өз-өзүнчө иштешип, ар бир долбоор үчүн жумушчу топторду түздүк», — деп билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз