Понедельник, 20 мая

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун изилдөө жумуштары башталды

0

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун алкагында Нарын жана Жалал-Абад облустарында алгачкы изилдөө жумуштары башталды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

30-августта Нарын облусундагы жетекчиси Алтынбек Эргешов Кытайдын China Railway First Survey and Design Institute (Кытайдын темир жол куруу корпорациясынын биринчи долбоорлоо-изилдөө институту) ишканасынын адистерин жана «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрүн кабыл алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-июлунда болуп өткөн үч тараптуу жолугушууда кытай жана өзбек тарап аталган темир жолду куруу долбоорунун техникалык экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну каржылоого бирдей үлүш менен катыша тургандыгын билдирген.

Анын негизинде 18-июлда “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы менен Кытайдын Биринчи долбоорлоо-изилдөө институтунун ортосунда долбоордун Техникалык экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу келишими түзүлгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз