Воскресенье, 19 мая

Акыйкатчы: Өлкөдө сөз эркиндигин чектөөгө болгон далалаттар тынчсыздандырат

0

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Кыргызстандын Эгемендик күнү менен куттуктоосун жарыялады. Акыйкатчы сөз эркиндигине байланыштуу соңку жагдайга токтолуп, тынсызданууга негиз бар экенин айтты. Анда журналисттердин, жарандык активисттердин жана блогерлердин кармалышына, кылмыш иштеринин козголушуна тынчсыздануу билдирди.

“Биздин эл демократия принциптерин карманат, сөз, ой эркиндиги кыргыздын канында бар. Кыргызстан сөз эркиндиги жана демократия деңгээли боюнча эл аралык рейтингдерде Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу алдыңкы орунда. Бул туура баамдоо. Дүйнөгө биз күчтүү жарандык коому бар, кыйынчылык убакта бириге калган артыкчылыгыбыз менен таанылган элбиз. Ошентсе да акыркы күндөрү маалымат каражаттарын көзөмөлдөө, сөз эркиндигин чектөөгө болгон далалаттар тынчсыздандырат”,- деп айтылат акыйткатчынын билдирүүсүндө.

Атыр Абдрахматова анда учурда камакта отурган, күч органдарына сурак берген, кылмыш иштери тергелип-иликтенип жаткан бир катар медиа өкүлдөрүн, жарандык активсттердин атын атаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз