Воскресенье, 19 мая

Түркия өзүнүн электромобилин мартта сата баштайт

0

Түркиянын Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк Түркиянын унаасы Тоггдун март айында жолго чыга турганын айтты. Стамбулда бир радио берүүсүнө конок болгон министр Варанк, Түркиянын унаасы TOGG тууралуу билдирүүлөрдү жасады.

Варанк Бурсанын Гемлик районунда курулуп жаткан ишкананын 29-октябрда ачыла турганын жарыялап, TOGG сатууларынын 2023-жылдын март айында башталарын айтты.

Варанк C классындагы SUV тибиндеги унаанын ошол класстагы ичтен күйүүчү унаалар менен атаандаша турганын жана ушундай эле баада сатыла турганын билдирди.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз