Москванын муниципалдык Ломоносов округунун депутаттары президент Владимир Путиндин отставкасын талап кылышты. Алардын кайрылуусунда, өлкөнүн бакубаттуулугу үчүн бийлик алмашып турушу керек деп айтылат. Депутаттардын президентке кайрылуу жасаганы боюнча протоколдук чечими округдун расмий сайтына жарыяланды.
Кайрылууда депутаттар Путин жана анын кол алдындагылардын агрессивдүү риторикасы Орусияны кайра «кансыз согуш» дооруна алып келгенин, ички дүң өнүм кыскарганын, минималдуу айлык акы мурда айтылган көрсөткүчкө чейин көтөрүлбөгөнүн, акылдуу жана жумушка жарамдуу адамдар өлкөдөн кетип жатканын белгилешкен. Орусияда убада кылынган туруктуулуктун дайыны да жок экенин айтышкан.
«Сиздин көз карашыңыз, башкаруу моделиңиз эскирип, Орусиянын өнүгүшүнө жана анын адамдык потенциалына тоскоол болууда», — деп жазган муниципалдык депутаттар.
Буга чейин Санкт-Петербургдун Смольнинское муниципалитетинин депутаттары Мамлекеттик Думага Владимир Путинди мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыптоо жана аны кызматтан алууну талап кылуу боюнча кайрылуусун жарыялашкан.
Санкт-Петербургдун депутаттары Путиндин Украинага каршы согуш баштап, бастырып кириши Орусиянын жана анын жарандарынын коопсуздугуна зыян келтирет деп эсептешет. Кайрылууга кол койгон депутаттар 9-сентябрда милицияга чакырылып, аларга «орус армиясын каралоо» беренеси боюнча протоколдор түзүлгөн.