Понедельник, 13 мая

Бийлик өкүлдөрү Нарын элинин арыз-муңун укту

0

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү эл менен жолугушуусун улантууда.

Бүгүн Нарын облусунун сжана Нарын райондорунун тургундары менен жолугушуулар болуп өттү.

Жыйындарга тургундар активдүү катышып, анда жакында курулган жергиликтүү маанидеги унаа жолдордун сапаты, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү сапатын жогорулатуу, медициналык тейлөөнүн жеткиликтүүлүгү, фермердик чарбаларга ар тараптуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү маселелери көтөрүлдү.

Өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча жарандардан келип түшкөн бардык кайрылуулар жана суроолор жалпылаштырылып, талданат жана маселени чечүү, же арыз ээсине толук жооп берүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз