Воскресенье, 19 мая

Европада дагы төрт өлкө Орусия жарандарына виза берүүнү толук токтотту

0

Евробиримдик (ЕБ) орустарга виза берүүнү жеңилдеткен эрежелерди жойсо, Биримдиктин ичинде виза берүүнү толук токтотууну көптөн бери жактап келген Эстония, Латвия, Литва жана Польша Шенген документтерин кабыл алууну толугу менен токтотту.

Евробиримдик Орусия менен ортосунда 2007-жылдын июнунан бери күчүндө болгон виза режимин жеңилдетүү келишимин 12-сентябрдан тарта токтотконун жарыялады.

Шенген визасын алууну каалаган орус жарандары үчүн эрежелер эми жалпы шарттардан турат.

Евробиримдиктин чечими орус жарандары үчүн виза алуунун кыйыныраак болорун, арыздар үчүн көбүрөөк документ талап кылынарын, виза алуу процедуралары узарып, төлөм акысынын жогорулай турганын билдирсе да, мүчө мамлекеттердин айрымдары орус жарандарына виза берүүнү таптакыр токтотушту.

Евробиримдик визаны жеңилдетүү келишимин токтотууга макул болгондон кийин Эстония, Латвия, Литва жана Польша биргелешкен билдирүү жасап, 19-сентябрдан тарта орус жарандарына виза берүүнү расмий токтоткондорун билдиришти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз