Пятница, 20 сентября

Бишкекте түрк мектептеринин окуучулары долбоорлорун көрсөтүштү

0

Окуучулар физика, химия, математика жана биология боюнча 45 долбоорду даярдашкан.

Бишкектеги Түркиянын билим берүү министрлигине караштуу түрк мектептеринин окуучулары илимий көргөзмөдө өздөрүнүн долбоорлорун тааныштырышты.

Анадолу кыргыз-түрк кыздардын кесиптик лицейинин жана кыргыз-түрк анатолия лицейинин башталгыч жана орто класстарынын окуучулары өздөрү ойлоп тапкан илимий иштерин тааныштырышты.

Окуучулар жалпысынан физика, химия, математика жана биология боюнча 45 долбоорду даярдашкан.

Бишкектеги түрк мектебинин спорттук залында өткөн иш чаранын ачылышында  Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү маселелери боюнча кеңешчиси Реджеп Сула, Түркия элчилигинин ички коопсуздук боюнча кеңешчиси Мехмет Татлы, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкектеги өкүлү Атынч Кескин жана аталган мектептин директору Илкнур Йеналдар катышыты.

Көрүүчүлөрдүн көңүлүн өзгөчө Анадолу кыргыз-түрк кыздар кесиптик лицейинин 9-классынын окуучусу Айтурган Замирбек кызы жана Нурия Абылкасымовалардын биология боюнча долбоорлору бурду. Бул кыздар суу, спирт, татуу жана газдалган ичимдиктер менен өскөн бир катар өсүмдүктөрдүн жашоосунун узактыгын өлчөшкөн.

Мындан тышкары, көргөзмөдө аралыктын көрсөткүчү, жүрөктүн согуусун өлчөгөн аппараттар, лазердик коопсуздук системасы, отто бийлөө жана роботтошкон коддор көрсөтүлдү.

Окуучулар ошондой эле өздөрүнүн органикалык жууй турган каражаттарды, коопсуздук курун жана мээ функциясы менен жүрөктүн сандарды тез эсептеп, иликтөө жүргүзгөн ыкмаларды ойлоп тапкан иштерин тааныштырышты.

Kırgızistan’ın başkenti Bişkek’te faaliyet gösteren Türk devlet okulu öğrencilerinin hazırladıkları farklı projeler bilim fuarında tanıtıldı. Türkiye Cumhuriyeti Milli Eğitim Bakanlığına bağlı ilk ve orta dereceli okullar, Kırgız-Türk Anadolu Lisesi ve Kırgız-Türk Anadolu Kız Lisesi öğrencilerinin hazırladığı fizik, kimya, matematik ve biyoloji alanındaki 45 proje sergilendi. ( Nezir Aliyev — Anadolu Ajansı )

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз