Четверг, 9 мая

Футбол: Кыргызстан — Россия футболдук беттешине билеттер сатыкка чыкты

0

Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын футбол боюнча жолдоштук беттешине билеттер сатыла баштады. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу (КФС) билдирди.

Чыгыш трибунадан орун алуу үчүн билетти 700 сомго сатып алууга болот, ылдыйкы катарларында орун 800, ал эми жогоркусундагы орундарга 1000 сомдон сатылууда.

Билеттерди Dordoi Plaza, Vefa соода борборлорунан, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун кассасынан жана Юнусалиев, 40а дарегинде жайгашкан кеңседен сатып алууга болот.

КФС электрондук билеттерди ticket.kg сайтынан да алууга болорун билдирип, билеттердин саттыкка кеч чыгышын жана мелдеш тууралуу кеч айтылган себебин да түшүндүрүп берди. Союздун айтымында, оюнду чек арадагы кырдаалдан улам башка убакытка жылдыруу жагы да каралган. Экинчиси — «эл аралык макулдашуулар боюнча юридикалык маселелердин чечилиши» дешти.

Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 24-сентябрда өтүп, саат 20:00дө башталат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз