Вторник, 7 мая

Элчилик мигранттарды митингдерге катышпоого чакырды

0

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги РФдагы жарым-жартылай мобизилацияга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылды.

Социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында тарап жаткан Орусия Федерациясында эмгектенип жүргөн чет өлкөлүк жарандардын тез арада чыгып кетүү зарылчылыгы тууралуу маалыматтар таркалып жатканына байланыштуу элчилик төмөндөгүлөрдү билдирет:

«Орссия Федерациясында жүргүзүлүүчү жарым-жартылай аскердик мобилизациялоо Орусия Федерациясынын жарандарына гана тиешелүү. Кыргыз Республикасынын жарандары Орусия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен Орусия Федерациясынын аймагында жүрүүнү уланта алышат.

Элчилик кыргызстандыктарды ар кандай чагымга алдырбоого, Орусиянын аймагында жүргөндө бейрасмий маалыматтарды колдонбоого, ошондой эле уруксат берилбеген массалык иш-чараларга катышпоого чакырат».

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз