Вторник, 23 апреля

Бүгүн Орусия Украинанын Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье аймагын өзүнө кошуп алат

0

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков талаш-тартыштуу референдум болгон Украинадагы аймактардын эртең өтө турган кол коюу аземи менен расмий түрдө Орусияга кошуларын билдирди.

Дмитрий Песков Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожьенин Россияга кошуларына карата кол коюу аземинин Москва убактысы боюнча саат 15:00дө ишке ашарын айтты.

Россиянын Украина жерлери Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожьеде 23-27-сентябрда өткөргөн референдумдан 93 пайыз менен «макул» добушу менен Россияга кошулуу чечими чыккан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз