Пятница, 3 мая

Түркмөнстан Түрк мамлекеттер уюмуна кошулууну максат кылууда

0

Түркмөнстан Түрк мамлекеттер уюмунун толук кандуу мүчөсү болот. Бул тууралуу өткөн бейшембиде түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдиргенин “Анадолу” агенттиги маалымдады. Министрдин айтымында, тиешелүү чечим 11-ноябрда Самарканд саммитинде кабыл алынмакчы.

Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылдын октябрында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши деп түзүлгөн. Ага алгач Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия түптөөчү катары кирген. Өзбекстан уюмга кошулуу ниетин 2018-жылы апрель айында билдирип, 2019-жылы Бакуда өткөн жыйында мүчө болгон. Венгрия байкоочу макамына ээ.

2021-жылдын 12-ноябрында Стамбул шаарындагы саммитте аталган кеңешти мындан ары Түрк тилдүү мамлекеттер уюму деп атоо чечими чыккан.

Былтыр ноябрда Түркмөнстан уюмга байкоочу болуп кошулган.

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз