Четверг, 9 мая

Оунбеков блогерлерди креативдүү болууга чакырды

0

Блогерлер президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдон мамлекет башчысы Facebook`та аккаунту жана телефону барлардын баарына жооп бере албай тургандыгы боюнча тийиштүү жооп алышты. Президенттин күнү-түнү социалдык тармакта отуруп, баарына көңүл бура албасы барына белгилүү. Бирок интернет коомчулугу каалагандай жана жана өз эрежелери боюнча жашайт, ошондуктан бардыгына абдан түшүнүктүү тилде түшүндүрүп берүү керек болот.

“Акыркы учурда өзүн “блогер” жана “саясатчы” атап алган жаштарыбыздын чектен ашып баратканы өкүндүрөт. Эл башкарууну кой, 3 адамды башкарып көрбөгөн, чакан жамаатта жетекчилик тажрыйбасы жок туруп мамлекетти кантип башкаруу керектиги тууралуу акыл үйрөтүп жатат. Өлкө башчысын дебатка чакырып, популисттик чакырыктар менен элдин көңүлүн өзүнө бургусу келүүдө. Дагы бирөөсү түз эфирге чыгып алып, өтө орой түрдө жалган жалааларды, оор айыптоолорду президенттин, жогорку бийликтин дарегине айтууда. Муну сөз эркиндигинин жетишкендиги эмес, ээн баштык, тарбиянын жоктугу, эч кандай жоопкерчиликти сезбегендик деп бааласак болот. Мында эң эле өкүнүчтүүсү аларды айрым жаштар үлгү катары көрүп жатканы. Мамлекет башчысы ансыз деле маанилүү маселелерге эл менен жеринде жолугушууларда, соцтармакта токтолуп, түшүндүрүп берүүдө. Эми бардык иштерди жыйыштырып, ар бир өзүн акылдуу сезгени менен дебатка чыгуусу керекпи?”, — деп жазган Орунбеков.

Бул постко белгилүү саясатчы жана социалдык тармактын активдүү колдонуучусу Феликс Кулов өзүнүн оюн билдирди. Блогерлерге кайрылууга байланыштуу төмөндөгүйдөй анекдот саясатчынын эсине келген:

“Эгер үч грузин жолугуп калса, алардын бири сөзсүз президент болгусу келет. Эгер үч түркмөн жолугуп калса, алардын үчөө тең президентине жакын болууну кыялданышат. Ал эми үч кыргыз жолугуп калса, анын үчөөсү тең президент болугусу келет жана алардын ар бири өлкөнү кандай башкарууну билишет”.

Айтмакчы Франциянын президенти болуп турган учурда Франсуа Миттеран өз мезгилинде азыркыга чейин актуалдуу болгон төмөндөгүдөй афоризмди айткан экен: “Мамлекет башкарууну билгендердин баары азыр таксист жана чач тарач болуп иштеп калганы абдан өкүнүчтүү”. Эгерде ошол кезде блоггерлер болгондо, анда Миттеран, албетте, алардын көңүлүн бурмак эмес.

А чындай келгенде Феликс Кулов өтө маанилүү өзгөчөлүккө көңүл бурган: социалдык тармак – бул жөн гана кызыктуу виртуалдык кече эмес, алгоритмдердин жана модерациянын жардамы менен дээрлик бардык интернет-сайттарды маалымат жана коомго психологиялык таасир этүүчү аянтчага айландырууга болот.

“Социалдык тармактардын пайда болуусу менен белгилүү шарттарда алардын коомдун аң-сезимине таасири олуттуу саясий өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн.

Мисалы, алыска кетпей эле коелу. Бир катар өлкөлөрдө саясий режимдердин алмашуусуна алып келген жана бул иште детонатор ролун социалдык тармактар ​​ойногон “араб жазы” деп аталган окуяны эстейли.

Интернетти жаап салуу мүмкүн эмес. Бир гана жолу бар: кандай сын болсо дагы сабырдуу болуу, пайдалуу нерсени гана кабыл алуу жана сындаган адамга ошол эле учурда реалдуу, конструктивдүү чечимдерди кабыл алууну сунуштоо. Мындайлар өтө сейрек болору түшүнүктүү, бирок бул да сынчылардын конструктивдуу сүйлөшүүгө жөндөмдүү эместигин элге көрсөтүүгө толук негиз берет. Ошол эле учурда коомдук аң-сезимге талдоо жүргүзүлүшү керек. Фейк жана чыныгы адамдарды айырмалай билүү жетиштүү”, — деди саясатчы.

Бүгүнтөн тарта бардык мамлекеттик түзүмдөрдүн басма сөз кызматтарына ЖМКлардагы жарыяларга активдүүрөөк жооп берүү жана блогерлер менен иштешүү тапшырмасы берилди. Каалайбызбы, каалабайбызбы, социалдык тармактар ​​калктын олуттуу бөлүгү маалымат ала турган виртуалдык аянтчага айланды. Ал эми бул мейкиндикте мамлекеттин өкүлчүлүгү дагы эле жупуну.

«Күнүмдүк иште жалпыга маалымдоо каражаттары жана блогерлер менен өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматтарын активдүү ишке киргизүү жана колдонуу зарыл. Мамлекеттик башкаруунун бардык тармактарында көлөмдүү иштер аткарылууда, айрым учурда бул маалыматтар коомчулукка тийиштүү деңгээлде жеткирилбей калууда. Өз ишиңер тууралуу маалымат берүүдө жаңы ыкмаларга таянып, «расмий» чектөөлөрдөн чыгып, креативдүү болуңуздар. Биз жаңы демилгелерди колдоого даярбыз», — деди Дайырбек Орунбеков мамлекеттик органдардын басма сөз катчылары менен болгон жыйында.

Бул жолугушууда өзгөчө кырдаалдар учурунда бирдиктүү маалыматтык саясатты калыптандырууга жана басма сөз кызматтарынын материалдык-техникалык базасынын абалына өзгөчө көңүл бурулду.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз